Кытайдан келген делегация Ош облусунун жемиш бактары жана аларды өстүрүү технологиясы менен таанышып чыгат
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда Кытай Эл Республикасынын Карантин кызматынын башчысы Янг Сайжун башында турган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айсана Паизова
Анда Янг Сайжун Кыргызстандан Кытайга экспорттолуучу жашылча, мөмө-жемиштерди өндүрүү технологиясы менен терең таанышуу иретинде мамлекеттик деңгээлдеги делегация менен бирге келгенин маалымдап, Кытайдын экспорттук товарлар үчүн коюлган нормативдик суроо-талабы жөнүндөгү документин тапшырды.
«Биз Кытайга Кыргызстандан экологиялык жактан таза мөмө-жемиштерди экспорт кылуу боюнча келип отурабыз. Ош облусунда мөмө-жемиштерди таза, экологиялык жол менен өстүрүү, аларды сактоо, зыянкечтерден коргоо ыкмалары менен терең таанышкандан кийин өзүбүздүн корутундубузду беребиз. Биз Кытайдын элин экологиялык жактан таза мөмө-жемиштер менен камсыз кылууга абдан кызыкдарбыз»,- деди Янг Сайжун.
Ал эми өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков келишимдер кагаз бетинде эле калбастан, практика жүзүндө ишке ашып жаткандыгы кубанычтуу экенин айтып, Ош облусунда экологиялык жактан таза продукцияларды экспортко чыгаруу башкы максаттардын бири деп белгиледи.
Ошондой эле Кытайдан келген делегация Ош жана Баткен облустарынын жемиш бактары жана аларды өстүрүү технологиясы менен таанышып, коон, гилас, анар жемиштерин Кытайга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.