super.kg logo

Алтын сертификат алуучулардын көбү №61-мектептин бүтүрүүчүлөрү болуп чыкты

 
Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө боюнча мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, 53 алтын сертификат алуучулардан 15и Бишкектеги №61-мектеп-лицейдин бүтүрүүчүлөрү болуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда КРнын Президентинин аппаратынын маалымат-саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2014-жылы аталган тестти тапшырууга 51 631 мектеп бүтүрүүчүсү катталып, тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 53 окуучу мыкты көрсөткүчтөргө жетишти. Алтын сертификат алуучулардын саны боюнча мектептер арасында экинчи орунга №70-гимназия-комплекси чыкты. Бул мектептин 4 бүтүрүүчүсү тестти мыкты тапшырышкан. Үчүнчү орунду "Айчүрөк" Кыргыз-Түрк лицейи, Кыргыз-Орус Славян университетинин астындагы мектеп жана №13-мектеп-лицей бөлүштү. Ушул үч окуу жайдын үчтөн окуучусу алтын сертификаттарга ээ болушту. 
Эскерте кетсек, бүгүн, 27-июнда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев жалпы республикалык тестирлөө боюнча алдынкы көрсөткүчтөргө жетишкен бүтүрүүчүлөргө алтын сертификаттарды тапшырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.06.2014. 06:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
61-мектептин жолу качан ондолот ыя,соз жок мектеп кучтуу бирок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: