Кыргызстанда жеке ишкерлердин көпчүлүгү “социалдык чегерүүлөрдү төлөө процессин жеңилдетиш керек” дешет
Кыргызстанда жеке ишкерлердин басымдуу бөлүгү социалдык чегерүүлөрдү төлөө процессин жеңилдетиш керек экендигин айтышат. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Өкмөт үйүндө өтүп жаткан Жеке ишкерлик жана инвестициялар боюнча кеңешинин кезектеги отурумунун жүрүшүндө айтылды.
Маалым болгондой, сурамжылоо 2014-жылдын июнунда Бишкек жана Ош шаарларындагы жеке ишкерлердин арасында жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгына ылайык, жеке ишкерлердин 62 пайызы социалдык чегерүүлөрдү төлөө процессин жеңилдетүүнү каалап жатышат.
“Банктардагы кезектер бир топ убакытты алып жатат. Мындан тышкары ар бир документти социалдык чегерүүлөрдүн ар бир түрү боюнча толтуруу кыйынчылыктарды жаратууда”,- дешет жеке ишкерлер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.