super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча Түштүк борбору тарабынан Баткен облусунда 26 объектиде жумуш аткарылды

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча Түштүк борбору тарабынан быйылкы жылдын башынан 26-июнга карата атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларынын негизинде Баткен облусу боюнча жалпысынан 26 объектиде жумуш аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иштер республиканын калктуу аймактарын жана жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объектилерин селдерден, суу ташкындарынан жана табигаттын башка кырсыктарынан коргоо максатында бекитилген мерчемдин негизинде аткарылып жатат. Ошондой эле бүгүнкү күндө 23 объектиде жумуш толугу менен бүткөрүлүп, 1 объектиде убактылуу токтоп турат. Дагы 1 объектиде жумуш уланууда. 

«Аларды райондорго бөлүп айта турган болсок, Баткен району боюнча 11 объектиде жумуш аткарылып, натыйжада 404 турак жай, 3 фармацевттик-акушердик пункт, 2 мектеп, 435,5 үлүш жер жана ички чарбалык жолдор корголгон. Ал эми Лейлек районунда 9 объектиде жумуш аткарылып, андан 126 турак жай, 1 мектеп, 3 социалдык объект жана ички чарбалык жолдор корголду» деп кошумчалайт басма сөз кызматы.

Ошону менен катар Кадамжай районунда 2 объектиде жумуштар жасалып, андан 36 турак жай, 3,8 гектар жер тилкеси, 14 даана электр түркүктөрү, 600 метр ички чарбалык арыктар, 500 метр ички чарбалык жолдор жаратылыш кырсыктарынан коопсуздандырылды.

Булардан сырткары Баткен шаарында 2 объектиде иштер жүрүп, 24 турак жай корголсо, Сүлүктү шаарында да 2 объектиде коргоо иштери жүрүп, 14 турак жай, 1 ички чарбалык көпүрө, 5 электр түркүктөрү, 1 бала бакча, 1 мектеп жана 4 гектар айдоо жерлери менен ички чарбалык жолдордо кырсыктардын алдын алуу иштери жүргүзүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: