super.kg logo

Баткен. Жеңиш Разаков юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда иш-чарага облустук бир катар мекемелердин жетекчилери катышып, Жеңиш Разаков Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана юридикалык жактан калкка жакындан жардам көрсөткөн, өз милдетин мыкты аткарууда жетишкен ийгиликтери үчүн Ардак грамотасы менен юстиция кызматкерлерин сыйлады.

Ошону менен катар аталган кесип ээлерин куттуктап: "Юрист болуу – чоң сыймык жана жоопкерчиликтүү иш. Өлкөдөгү саясий жана социалдык туруктуулук сиздердин аткарган ишиңиздерге тыгыз байланыштуу. Жарандардын укуктарын жана эркиндигин жүзөгө ашырууда, мыйзамдардын так аткарылуусунда сиздердин профессионалдуу иш-аракетиңиздер баа жеткис. Өзүңүздөрдүн талыкпаган эмгегиңиздердин, арыбас аракетиңиздердин аркасында элдин ишенимин арттырып, кандай кыйын абал болбосун, мыйзам чегинде жарандарга кызмат кылып келесиздер. Мындан ары да юристтер өзүнүн милдетин так аткарып, жарандардын кызыкчылыгын коргойт деген ишеничтемин”,- деди ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: