"Шералы хандын чокою" аттуу акциянын уюштуруучулары: "Бизди кармап кетүү Бакиевдин убагындагыдай мыйзамды тебелөө деген ойдобуз"



Бүгүн, 2-июлда Бишкек шаарында өткөн "Шералы хандын чокою" аттуу акциянын уюштуруучулары Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кармалгандардын бири Мавлян Аскарбеков билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Мелис Аспеков
Анын айтымында, учурда аталган РИИБде 6 адам отурат: Адил Турдукулов, Мелис Аспеков, Айбек Бусурманкулов, Идрис Тоиров жана Айдар Жоробеков. "Азыркы учурда бизге кандай чара көрүлөрүн күтүп жатабыз. Ал эми бизди кармап кетүү Бакиевдин убагындагыдай мыйзамды тебелөө деген ойдобуз",- деди М.Аскарбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.