Оштун окуучулары Голландияда өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиадага катышып келишти
Оштогу "Себат" кыздар лицейинин окуучулары Айзада Абакир, Мухабат Умарова, Нурпери Нурланова Голландияда өткөрүлгөн дүйнөлүк студенттер жана окуучулар арасындагы INESPO Эл аралык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча олимпиадасына катышып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Эрнис Кулназаров билдирди.
Автор: Айсана Паизова
Ага 40тан ашуун мамлекеттен 100дөн ашуун жаш илимпоздор катышып, өздөрүнүн билимдерин сынашты.
Ал эми Ош шаарынан барган окуучулар активдүүлүгүн көрсөтүшүп, ийгиликтерди багындырдып келишти. Ошондой эле Айзада Абакир Казакстанда өткөрүлгөн "Infomatix Asia& Pacifik" Эл аралык компьютердик программаларды долбоорлоо олимпиадасына катышып, 3-орунду багындырды.
Айта кетсек, Ош шаардык мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан колдоого алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
elish87

02.07.2014. 13:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сема себат лицейи жонундо маалымат берсениз ,бир укканыма караганда 1-класстан кабыл алат деп.канрактары жонундо да киге кайрылыш керектигин
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.