Эртең Ош шаарында Абсамат Масалиевдин эстелигинин ачылыш аземи өтөт
Эртең, 4-июль күнү Ош шаарында мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин эстелигинин ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ага шаар жетекчилиги жана инсандын жакын санаалаштары катышат. Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, КРнын Президентинин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин депутаттары келүүсү күтүлүүдө.
Кыргызстандагы белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Ош облусунун Кадамжай районундагы Алыш кыштагында туулуп, 2004-жылдын 31-июлунда көз жумган.
Абсамат Масалиев 1949-жылы Үч-Коргон кыштагындагы 8 жылдык мектепти бүткөндөн кийин Кызыл-Кыядагы Тоо-кен техникумун артыкчылык диплому менен аяктайт. 1953-1956-жылдары Москвадагы Сталин атындагы Тоо-кен институтунун атайын орто билимдүү адистерди тездетилген программа менен инженердик кесипке даярдоочу үч жылдык бөлүмүндө окуйт. Институтту бүткөндөн кийинки алгачкы беш жылда "Кызыл-Кыя көмүр" башкармалыгынын "Комсомольская" кенинде участка башчысынын жардамчысы, участканын башчысы, "Кыргыз көмүр" трестинин башкы инженеринин жардамчысы болуп эмгектенет.
Абсамат Масалиевдин өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу толугу менен бул жактан окуй аласыздар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.