super.kg logo

Борбор Азиянын 5 мамлекети саламаттык сактоо боюнча маалыматтык тармакты орнотууга ниеттенүүдө

 

Борбор Азиянын 5 мамлекети саламаттык сактоо боюнча маалыматтык тармакты орнотууну ниет кылууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда маалымат жыйында Ден соолуктун дүйнөлүк уюмунун европалык бюросунун башчысы Клавдия Штайн билдирди.

Анын айтымында, аталган 5 мамлекетке Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет. “Бул өлкөлөрдүн өкмөт делегаттары жана эл аралык уюмдардын мүчөлөрү аталган тармакты түзүү боюнча отурумга катышып, саламаттык сактоо боюнча маалымат менен алмашууну колдошту”,- деди ал.

“Саламаттык сактоо боюнча тармактын алкагында мүчө мамлекеттер өлкөдөгү демографиялык абал жана калктын саламаттыгы боюнча маалыматты таратууну моюнга алышты. Бул тармак өз ишин 2015-жылдан баштайт”,- деди К.Штайн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: