super.kg logo

Ош шаарында дебитордук карыздарды жоюу жана абоненттердин санын тактоо боюнча жумушчу топ түзүлдү

 

Ош шаарынын мэриясынын №292-буйругу чыгып, анын негизинде Шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнө караштуу мекеме-ишканалардын дебитордук карыздарды жоюу жана абоненттердин санын тактоо боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анда шаардагы 12 аймактык кеңештин төрагалары, кварталдык комитеттери менен биргеликте иш алып барылууда. «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы боюнча 122 абонент кошумча катталып, 190 004 сом, "Кыргызгазпром" ЖЧКсынын «Ошгаз» филиалы боюнча 440 655 сом, "Жылуулук электр борбору" боюнча 470 600 сом дебитордук карыз өндүрүлдү. Ошондой эле «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасы боюнча 660 абонент сот органдарына берилип, жалпы суммасы 6 061 988 сомду түздү жана 448 805 сом карыз өндүрүлдү. Ош шаардык электр энергиясын сатуу мекемеси боюнча 96 абонентке 516 059 сомдук комиссиялык акт түзүлүп, 102 299 сом карыз, «Суу-канал» ишканасы боюнча 42 897 сом дебитордук карыз өндүрүлгөн. 

Жалпысынан 1 695 260 сом дебитордук карыз өндүрүлдү. Ал эми учурда жумушчу топ текшерүү иштерин улантууда.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: