super.kg logo

"Ош облусунда ажыга баруучуларды тандоочу чүчү кулак компьютердин жардамы менен адилеттүү өттү" дешет казылар

 

Ош облусу боюнча ажыга баруучуларды тандоодо чүчү кулак ачык-айкын өттү. Мындай билдирүүнү бүгүн, 8-июлда өткөн маалымат жыйынында Ош облусунун бир катар райондорунан келген казылардын орун басарлары билдиришти.

Алардын бири Ош облусунун казысынын орун басары Абдыжапар Жакыпов компьютердик чүчү кулак замандын талабы экенин айтып: “Келинчегим экөөбүз чүчү кулакка катышканбыз, тагдыр экен, мага чыкпай, аялыма чыгып калды. Эгер коррупциялык схемага салсак, муфтияттан тааныш-билишке салып, аялыма кошулуп алсам болмок. Бирок биз чүчү кулакты компьютердин жардамына салган болсок, анда ага баш ийишибиз керек”,- деди.

Ал эми журналисттердин “Өтпөй калгандардын 500 сомдон төлөгөн акчасы кайтарылып берилеби?” деген суроосуна казынын орун басары “жок, кайтарылбайт” деген жообун узатты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: