Олуттуу кырсыктан кийин Бишкек мэриясы кооптуу дарактарды кыюуда
Олуттуу кырсыктан кийин Бишкек мэриясы шаардагы кооптуу бак-дарактарды кыюуда. Атайын жумушчу топ түзүлүп, жакын арада шаар аймагындагы адам өмүрүнө коркунуч жарата турган дарактарды аныктоо иштерин жүргүздү. Жыйынтыгында куураган 748, авариялык абалдагы 173 дарак бар экени белгилүү болуптур. Авариялык абалдагы 16 дарак кыйылып, 578 дарак буталганын 8-июлда мэрия кабарлады.
Эске салсак, быйыл 30-майда шаар көчөлөрүнүн биринде дарак кулап түшүп, аялдамада турган бир адамды басып калган. Ал адам ошол жерден каза тапкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
gulmira96

08.07.2014. 21:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсык болгонго чейин эле ойлонуп жонго салса болот беле мерия, оозун ачып журо бербестен. Деги эле шаардын тазалыгы порядагы боюнча алып барган иштери аябай начар! Каякты карап журот мерия?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.