Каракол шаарында менчиктештирилип кеткен ат майдан соттун чечими менен шаардык мэриянын карамагына өттү
Каракол шаарындагы жеке колдорго өтүп кеткен ат майдан Жогорку Соттун чечими менен Каракол мэриясынын карамагына өттү. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда SUPER.KG порталына “Камбар ата” ат сүйүүчүлөр ассоциациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 5 жылдан бери созулуп келген сот иштери ушуну менен жыйынтыкталып, ат майдан элдин пайдасына чечилди. Эми жакын арада Каракол шаардык мэриясы бул жайды калыпка келтирет.
Кошумчалай кетсек, ат майдан жеке колдорго өтүп кетип, акыркы кездерде кыйрап жатканын айтып “Камбар ата” ат сүйүүчүлөр ассоциациясынын мүчөлөрү соттон бул маселени элдин пайдасына чечип берүүнү суранып келишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.