Оштун 16 мектебинде кышка даярдык иштери жүрүүдө
Ош шаардык билим берүү башкармалыгы 2014-2015-жылдарга карата күз, кыш мезгилине даярдыктарды көрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Ош шаардык кеңешинен билдирди.
Автор: Айсана Паизова
Анда күз, кыш мезгилине карата даярык көрүү иши мектептерде жана бала бакчаларда жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 36 мектеп даяр. Ал эми калган 16 мектепте даярдык иштери жүрүүдө.
Анын ичинен №40-Королёв, №39-Октябрдын 70 жылдыгы мектептеринин жылытуу системдери капиталдык оңдоодон өтүүдө. 2014-жылдын 30-июнь күнү өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча №11, №49, №44-мектептерге жана №71, №72-бала бакчаларына 1 миллион сомго бааланган 280 тонна көмүр август, сентябрь, октябрь айларында берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.