Бишкекте төрөттүн көрсөткүчү 0,8 пайызга төмөндөдү
Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 6 айында Бишкек шаарында төрөттүн көрсөткүчү 0,8 пайызга төмөндөгөнү байкалган. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 6 ай ичинде жалпы өлүмдүн көрсөткүчү 23,3 пайызга өссө, калктын жалпы табигый өсүшү 9,1 пайызга төмөндөгөн. Ошондой эле жаш балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү 7,4 пайызга, энелердин өлүмү 46,2 пайызга артканы маалым болду. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.