Бишкектин борбордук бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө
Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү Токтогул, Бөкөнбаев жана Лев Толстой көчөлөрүндө оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Токтогул көчөсүнүн узундугу 2,3 чакырымды түзгөн бөлүгүндөгү оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыгында жолдун туурасы 16 метрге чейин кеңейтилип, төрт тараптуу жолго айланат.
Ошондой эле Лев Толстой көчөсүнүн 1,718 чакырым аралыгы жана Бөкөнбаев көчөсүнүн 1,487 чакырымында оңдоо иштери жүрөт. Жыйынтыгында Л.Толстой көчөсү да төрт тараптуу болот. Ошондой эле Бөкөнбаев көчөсү 9 метрге чейин кеңейтилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.