super.kg logo

Нарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өкмөттүн облустагы өкүлүнүн кызматтан кетүүсүн талап кылып, митингге чыгышты

 

Бүгүн, 18-июлда түшкө жакын Нарын шаарынын борбордук аянтында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 4-5 жаран митинг уюштурду. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Барктабас Белеков SUPER.KG порталына кабарлады.

Анын айтымында, алар мындай митингдерди көп эле уюштуруп келишет. “Буга чейин алар өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповго кайрылып, үй берүү маселесин айтышкан. А.Кайыпов бул маселени өкмөткө билдиребиз деген. Өкүлчүлүк өкмөткө кайрылган, азыр каралып жатат. Негизи, аларга үй берүү үчүн бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес. Митингге чыккандар туура эмес түшүнүп алышыптыр”,- деп билдирди Б.Белеков. Митингчилер түшкө чейин турушканын, аларга өкүлчүлүктөн эч ким чыгып жолукпаганын жана нааразы болгон тарап тынч тарап кеткенин кошумчалады Б.Белеков.  

Кошумчалай кетсек, нааразычылык акциясына чыккандар Аманбай Кайыповдун кызматынан кетүүсүн талап кылып, “мурун бул кызматта иштеген Канатбек Муратбеков кайра келсин” деген маанайдагы жазуулары бар кагаздарды кармап алышкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: