Кубанычбек Кулматов «Мадина» базарына көп катмарлуу унаа токтотуучу жайдын курулушу боюнча долбоор даярдоону тапшырды










Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов "Мадина" ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу 21-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: Бишкек мэриясы
Мэр базардын администрациясы жана ижарага алган жарандар менен жолугушуп, актуалдуу маселелерди талкууга алды. Жолугушууда Шабдан баатыр көчөсүндө транспорттон жүктөрдү түшүрүүдөгү көйгөйлөр, унаа токтоочу жайлардын абалы айтылды.
Кубанычбек Кулматов «Жашылдандыруу» кызматына жолдорду кеңейтүү жана көп катмарлуу унаа токтотуучу жайдын курулушу боюнча долбоор даярдоону тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.