super.kg logo

Жаштарга колдоо көрсөтүү үчүн өлкөдө 45 жаштар борбору иш алып барат

 
Айыл жергесиндеги жаштарга колдоо көрсөтүү жана ар улуттагы жаштардын достугун бекемдөө максатында түзүлгөн борборлор чет элдик донорлордун көмөгү менен ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу 22-июлда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 
Республика боюнча 45 жаштар борбору, 4 жаштар үйү иштеп жатат. Жалал-Абад облусунда – 12 борбор жана 1 жаштардын муниципалдык комплекси, Ош - 10 жаштар борбору, Талас - 1 жаштар борбору жана 1 жаштар үйү, Нарын - 6 борбор, 1 жаштар үйү жана 1 жаштардын телестудиясы, Чүй - 3 борбор жана 1 жаштар үйү, Бишкек шаарында - 1 жаштар борбору жана 2 жаштар аудиториясы, Ысык-Көлдө – 7 борбор, Баткен – 5 борбор, 1 жаштар үйү.
Жогорудагы борборлордо министрлик бейөкмөт уюмдар менен биргеликте иш алып барат. Ал жерде жаштар дүйнө таанымын кеңейтип, кыска мөөнөттүү курстарга катыша алышат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: