super.kg logo

Өкмөт: “Кыргызстанда катталган 398 мамлекеттик тейлөөнүн 160ы акысыз”

 

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда бирдиктүү реестрге (тизме) 160 акысыз мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана тейлөөлөр катталган. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Өкмөтүнүн аппаратындагы Кадрлар саясаты боюнча башкармалыктын жетекчиси Куванычбек Шадыбеков билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана тейлөөлөрдүн аталган тизмесине 29 министрлик жана мекеме кирет. Алар жалпысынан 398 кызмат көрсөтөт (238и акы төлөөсү менен, 160ы акысыз).

11 мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр стандартташтыруудан өтүп, 2014-жылдын 5-июнунда күчүнө кирген. Булар:

1) Башкы билим берүү;

2) Негизги билим берүү;

3) Орто билим берүү;

4) Орто кесиптик билим берүү;

5) Кесиптик билим алууга багыттарды берүү;

6) Кайра окутуу жана квалификацияны жогорулатуу;

7) Талап кылынган жумуштарга жарандарды окутуу (бюджеттик окутуу);

8) Талап кылынган жумуштарга жарандарды окутуу (акы төлөө менен окутуу);

9) Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга реабилитациялоо программасын түзүү;

10) Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын жөлөк пул берүү;

11) Кардардын арызы боюнча эсептөөчү каражаттарды метрологиялык аттестациядан өткөрүү жана кардарга тиешелүү документ тапшыруу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: