super.kg logo

Ош шаарында унаа салыктарын тактоо боюнча текшерүү иштери жүргүзүлөт

 

Бүгүн, 22-июлдан тартып Ош шаарынын көчөлөрүндө унаа салыктарын тактоо жана убагында төлөө боюнча атайын рейд өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Ош шаардык салык кызматына жана МАИнин кызматынын жетекчисине бюджетти толтуруу үчүн төлөмдөрдү убагында аткаруу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. 

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө жеке таксилер жана маршруттук таксилердин ээлерине салыктарды убагында төлөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү. Мындан тышкары Замирбек Аскаров ушул айга чейинки карыздарды толтуруу иштерин тезирээк жүргүзүүнү талап кылды. 

Транспорт каражаттарына салык төлөө мөөнөтү 2014-жылдын 1-сентябрында аяктайт. Транспорт каражаттарынын ээлери жаңы бекитилген мөөнөткө чейин айып пулдарсыз салык төлөй алышат. Ал эми жаңы бекитилген мөөнөткө чейин салыктарды төлөбөгөн мүлк ээлерине, Администрациялык кодекске ылайык, 2 миң сомдон айып пул салынат. Андыктан бүгүндөн тартып шаардын көчөлөрүндө тынымсыз текшерүү иштери жүргүзүлмөкчү.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.07.2014. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо сентябрга чейин го дейм аяктоо мооноту
22.07.2014. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cinematica, 2014-жылдын 1-сентябрында аяктайт. Салыктарды төлөбөгөн мүлк ээлерине, Администрациялык кодекске ылайык, 2 миң сомдон айып пул салынат.
22.07.2014. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жанылыкта дагы жазылган http://www.super.kg/kabar/news/75787/
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: