super.kg logo

Ысык-Көлдө 27,5 гектар аянттагы кара куурай жок кылынды

 

Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы жапайы кендирди жок кылууга карата бир катар иштер аткарылып жатканын билдирди. Иш-чаралар Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол айыл өкмөтүнүн аймагында уюштурулууда. Ага райондук мамлекеттик администрация жетекчилери жана аппараттын, райондогу ишкана, мекеме, уюмдардын жетекчилери, аталган айыл өкмөт аппаратынын, мектептердин, ФАПтардын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.   

"Ак-Суу районунда баңгизаттарынын жайылышына жана мыйзамсыз айлануусуна бөгөт коюу, калк арасында баңгиликке каршы түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүү максатында 20-майдан 1-ноябрга чейин аймакта «Апийим-2014» шарттуу аталышындагы ыкчам операциясы жарыяланган",- дейт райондун акими Жолдошбек Байсейитов.

Аталган район боюнча 6874,05 гектар аянт изилденип, кендир өскөн 49,52 гектар аянт аныкталды. Атайын карта-схема түзүлүп, учурда аянттарды кара куурайдан жок кылуу боюнча катарына 132 адамды камтыган адистештирилген 31 бригада иштөөдө. Бүгүнкү күнгө карата кендир баскан аянттардын 27,5 гектары «илдеттүү өсүмдүктөн» арылтылып, өрттөлүп жок кылынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: