Кыргызстанда Орозо айт майрамы 29-июлда болот. Башка мусулман өлкөлөрүндө бүгүн белгиленүүдө



“Ар бир мамлекет Орозо айт кайсы күнү белгиленерин өз алдынча чечет. Кыргызстандын муфтияты бул майрамды 29-июлга белгилеген”. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз катчысы Асан Саипов билдирди.
Анын айтымында, КРнын Өкмөтү Орозо айтты 28-июлда майрамдоону сунуштап, тиешелүү токтом чыгарууга ниеттенген. “Муфтият өкмөткө “Айды көрүп чечим чыгаралы” деп аны күттүрүп, жыйынтыгында майрам 29-июлга белгиленген. Мындай чечимди муфтият шарияттын өкүмүнө таянып чыгарган. Кечээ, 27-июлда Кыргызстандын аймагында Ай көрүнгөн эмес”,- деди А.Саипов.
Айта кетсек, бүгүн, 28-июлда Сауд Арабия, Түркия, Казакстан, Орусия жана башка өлкөлөрдө Орозо айт майрамы белгиленүүдө. Кыргызстанда Орозо айтты 29-июлда белгилөө боюнча муфтияттын чечимине айрым интернет колдонуучулары нааразы болушууда. Өткөн жылы да Орозо айттын кайсы күнү белгиленери боюнча маселелер жаралган эле.

Бүгүн орозо кармаган арам. Максат ажыңар президенттен коркуп эле ушундай фатва чыгарып жиберди. Дүйнө жүзү бүгүн айтты майрамдап жатат. Эмне Максат ажы алардан да илимдүү бекен өзү билгидей?!