Бишкек мэриясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 350 баланы Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү






Бишкек шаардык мэриясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 350 баланы Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү. Бул тууралуу 30-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алар Ысык-Көл облусунун Кош-Көл айылында жайгашкан "Келечек" лагерине барышты. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, жетимдер жана жарым жетимдер үчүн эс алуу уюштурууга шаардык бюджеттен каражат бөлүнгөн. 10 күндүк лагерге 7 жаштан 16 жашка чейинки балдар барышты. Көңүл ачуучу оюндарга бай лагерде 13 жол баштоочу жана 13 отряд жетекчи бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Guli.K.E.

31.07.2014. 12:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх "Келечек" сагындым сени((( Мен Лицейде окуп жургондо да ушул жакка барчык эле 10 кундоп. Эн соонун эс алуулар болгон ! Гуля эже вы СУПЕР. А важатые смотрю уже новые( Желаю хорошего отдыха милые детишки)))
Guli.K.E. түзөттү 31.07.2014 12:15
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.