super.kg logo

Монополияга каршы агенттик жол кире акысын көтөрүүгө жол бербөө максатында комиссия түзүүнү сунуштап жатат

 

Бүгүн, 30-июлда Монополияга каршы агенттиктин директору Болсунбек Казаков маалымат жыйында борбордогу маршруттук таксилердин жол кире акысын негизсиз көтөрүүгө бөгөт коюу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүү керектигин билдирди.  

Анын айтымында, тарифтик бааны жогорулатуудан мурун бул тармакты мыйзамдаштыруу керек. “Тарифке таасир этүүчү жагдайлар майда-чүйдөсүнө чейин талданышы керек. Биз баа тарифин белгилөөнү иликтөө боюнча мекемелер ортосунда комиссия түзүүнү сунуш кылабыз. Ал эми маршруттук таксилердин айдоочуларын мыйзамсыз төлөмдөрдөн арылтуу зарыл. Ошондой эле айдоочулардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо механизми, ишинин сапаты боюнча мониторингдин тартиби жеткиликтүү болбогондуктан, жолун издөө керек”,- деди Казаков.

Айта кетсек, 28-июлда Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары күйүүчү майдын кымбаттап жаткандыгына байланыштуу жол кире акысын 15 сомго чейин көтөрүү керектигин айтышкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: