super.kg logo

Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы көпүрө курулуп, анын ачылыш аземи өттү

 

Бүгүн, 30-июлда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын Беш-Кепе айылында Казак-Маала жана Жаңы Кызыл-Суу айылдарын райондун борбору менен байланыштыруучу Машрап-Сай сайына курулган көпүрөнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, куруу иштери 2013-жылдын июль айында башталып, 2014-жылдын июль айында аяктаган. 

Анын узундугу 18 метр. Буга чейин айыл тургундары Кара-Суу району менен 25 чакырым, ал эми Ош шаары менен 30 чакырым айланып өтүшчү. Ички чарбалык көпүрө курулгандан баштап эки тарапка 8-10 чакырым жол кыскарып, айыл тургундарына ыңгайлуу шарт түзүлдү.

Көпүрөнүн ачылыш аземине КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов жана Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимов катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
30.07.2014. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
taaak emne deybiz jol kopyro salgandar soob alywat deyt ele jakwy iwinerge iygilik myndan dalauyn salgyla azamatsynar, negiz mynday ki4ine jymywty aytbay ele koyuw kerek .
30.07.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Lexus-2014, emnege kichine jumuw bul kopuro otuzadyrlyktar uchun chooon janylyk.jakwy boldu kopuro kurulup kanchalagan kyrsyktyn aldyn algan jana elderge kyzmat kylgan kopuro bolot
30.07.2014. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
пай пай паай узундугу 18метр копурону бир эле жылда бутуп койгон турбайбы аябай узун копуро экен озу дагы. азаматтар десе. кызык анда Оштогу копуро канча жылда бутоор экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: