super.kg logo

Бүгүн “Кудайберген” базарынын соодагерлери ижара акынын кымбатташына нааразы болушуп төртүнчү ирет митинг уюштурушту

 

Бүгүн, 30-июлда Бишкекте КРнын Башкы прокуратурасынын имаратынын алдында “Кудайберген” базарынын 100 чакты сатуучусу ижара акынын 4 миң сомдон 8 миң сомго чейин кымбатташына нааразы болуп митинг уюштурушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чара эртең менен башталып, түштө аяктаган. “Митингдин жыйынтыгында эч кандай укук бузуулар катталган жок. Башкы прокуратуранын кызматкерлери чыгып, сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң митингчилер тарап кетишкен. Түштөн кийин “Кудайберген” базары күндөгүдөй иштей баштаган”,- деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин ушул жылдын 22-апрелинде аталган базардын сатуучулары базар ичиндеги соода орундарынын ижарасы 3,5 миң сомдон 7 миң сомго чейин көтөрүлгөндүгүнө нааразы болуп, 500гө жакын адам нааразылык акцияга чыгышкан. Андан соң сатуучулар 14-майда Кыргыз драма театрынын имаратынын жанында ушул эле маселе боюнча экинчи жолу митингге чыгышкан. Ал эми үчүнчү акциясы 20-июнда Өкмөт үйүнүн алдында өткөн. Анда алар премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен жолугууну талап кылышып, анын кеңешчиси менен жолугушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: