super.kg logo

Айыл чарба министрлиги: "Суусамырда жайыт жол каттамы ачылды"

 

Суусамыр өрөөнүндө Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин көмөк көрсөтүүсүнүн негизинде жаңы көпүрөнүн ачылышы болуп өттү. Аталган салтанатка айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев, Талас облусунун өкмөттөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышышты. 

Талас облусунун Манас районунун акими Нурак Качкынбаев Суусамыр жайлоосунда 75 түтүндү түзгөн Таластын малчылары колдонуп жаткан жайытта көпүрөнүн салынышы чоң жеңилдик болгонун белгиледи. Аким Нурак Качкынбаевдин айтымында, көпүрө жокто жайыт колдонуучулар 20 чакырым аралыкты басып Ала-Бел көпүрөсүн айланып келишчү. Көпүрө 10 тоннага чейинки жүктү көтөрө алат. Анын узундугу 20 метрди, ал эми туурасы 4 метрди түзөт. Көпүрө курууда 850 миң сом каражат сарпталган. Бул тууралуу 4-августта Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: