super.kg logo

Галина Скрипкина: "Биометрикалык маалыматты чогултуу боюнча тендер өтүп жатканда айрым компаниялар тарабынан каттар келген"

 

"Биометрикалык маалыматты чогултуу боюнча тендер ачык-айкын өттү",- деди бүгүн, 5-августта маалымат жыйынында аталган тендердин комиссиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина.

Анын айтымында, аталган тендер башынан бери коомдун талкуусуна алынган. "Тендер оор өттү десек болот, бирок ал таза өттү. Ага катышкан айрым компанияларды мактоочу каттар түшкөн учурлар да болгон. Муну биз басым катары эсептедик. 

Биз менен бирге иштешкен адистер жана техниктер жабдууларды кантип колдонуш керек экендигин мыкты түшүндүрүп беришкен. Тендердик комиссия жеңүүчү компаниянын жабдууларын сапаттуу жана бардык талаптарга жооп берет деп тапты",- деди эл өкүлү.

Айта кетсек, бүгүн Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча тендерди Германиянын “Гезике энд Девриент” (“Giesecke & Devrient”) компаниясы жеңгени белгилүү болгон. КРнын Өкмөтү паспортту каалаган жарандарга 2015-жылдын июль айынан баштап таратып бере баштайт. Биометрикалык белгилерди бардык 16 жашка толгон кыргызстандыктар милдеттүү түрдө тапшырууга тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: