super.kg logo

Аскар Акаевдин бир тууган агасы Болот Акаев жерге берилди

 

Бүгүн, 5-августта Бишкекте Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин бир тууган агасы Болот Акаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. 

Акыркы сапарга узатууга ЖКнын депутаттары Курманбек Осмонов, Каныбек Иманалиев, Аскар Акаев менен бирге иштеген мамлекеттик ишмерлер, авиация кызматкерлеринин профсоюздар кеңешинин өкүлдөрү, жергиликтүү эл жана маркумдун жакын туугандары катышышты. Коштошуу зыйнатына Орусиядан Аскар Акаевдин уулу Илим Акаев келди. Илим Акаев маркумду эскерип: "Андан ар дайым позитивдүү энергия чыгып турчу. Биз аны жоктоп кала беребиз. Адамдардын жүрөгүндө ал жакшы киши бойдон кала алды",- деди. 

Экс-президент Аскар Акаевдин коопсуздук маселесинен улам агасынын тажиясына келе албаганы белгилүү болду. Илим атасы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.   

Ал эми экс-спикер Абдыганы Эркебаев Аскар Акаевдин келе албай калганы кыйын жагдай экенин айтып: “Болот Акаевич баарынан мурда жакшы инсан болчу. Биз дагы бир жакшы адамдан айрылдык. Ал жөнөкөй, улуу-кичүүгө бирдей мамиле кылган инсан эле. Ал эми ушул кырдаалда Аскар Акаевичтин агасынын тажиясына келбей калганы өкүнүчтүү. Адамдын башына мындай иш салбасын, өзүнүн тууганына келип топурак сала албаса, бул кыйын жагдай. Мамлекет келүүсүнө шарт түзүп койсо дурус болмок, ал эми кылган иши боюнча кийин жооп бермек да”,- деди.

Болот Акаев 3-август күнү 81 жашында көз жумган. Ал Кыргыз авиакызматкерлеринин профсоюзунун ардактуу төрагасы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин грамотасынын ээси болгон. Мындан тышкары ондогон сыйлыктарга көрсөтүлгөн. 1970-жылы В.И.Лениндин 100 жылдыгына карата талыкпас эмгеги үчүн мааракелик медалга татыктуу болгон. 1972-жылы Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Ардак грамотасын алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(14)
05.08.2014. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аскар Акаев келбеди, келет- деди элего
05.08.2014. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун.
05.08.2014. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
акаев келсе оздорунун былыкысы чыгат.ошого коркутуп камайбыз деп жатбайбы.атамбаевдин бийлиги кетсе салянова не кылат имиш озунчо эле боорум оруйт.кыйындан кыйын чыгат кыйын ....... кысат.
05.08.2014. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Келгенде жакшы болмок. Эмнеге башка убакта кармап суроолорун беришип камашпайт. Эми келет экен деген мишти угушуп сразу эле камайбыз дептирлер. Баарыбыз мусулманбызго,ошол айткан адамдардын бир туугандары жокпукен. Аябай боорум ооруду келбей калганына. Кыргызстанда убагында ото жакшы иштеген. Бакиев да жакшы иштеди. Азыркы бийлике эч кимдин купулу толбойт
05.08.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
саясатка ишенип болбойт, бирин бири жамандап, бирин бири коро албай, иши кылып башаламан, кой ай деген адам жок
Рамзан кадыровдой адам болсо кана
Чечня кыска убаккта кандай гана онукту
05.08.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аскар Акаевге самолет менен еле бир чыпта топурак алып барып салдырып келсе болбойт беле ...
05.08.2014. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Аша менен Аидага да кудай бар. Булар аябай копту. Бир тууган агасына келип, бир ууч топурак салалбаса кандай кана окунучтуу. Акыры мусулманбызго. Батукаевди деле Аида баш болуп килем салып узатып коюшту го. Акаевдин кыргыз элине кызматы аздыр коптур бар эле.
05.08.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акаев да Бакиев да жакшы иштеген президент болчу. Келе бериш керек болчу.Эми буйрубаптырда .Алар убагында кыйын иштерди аткарган.ал эми азыркы бийликти маскаралап такыр тоготпойтко эчким Президентинер ким десе АША деп...
05.08.2014. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аскар акаевтей башы иштеген адам жок и келе элек кыргызстанга ал ак конул киши бул окмоттунда башына иш тушот ошондо эмне кылаар экен
05.08.2014. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Супер инфо эрте менен окууган комментарийлер жокго
06.08.2014. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alas, Саламатсызбы!
Баары эле ордунда. Эртең менен деп кайсыл убакты айтып жатасыз? Бул кабар саат 11ден өткөндө жазылган.
06.08.2014. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акаев келбегени тура эле болду анткени биздин бийлик ага карышы чыкмак
06.08.2014. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
тажия эмес тазия болуп жазылса керек эле менимче
06.08.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suluu91, Саламатсызбы!
Тажия деп жазылат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: