super.kg logo

Ошто бала бакчада тарбиялангандардын тамак-ашына ай сайын төлөнүүчү сумма көтөрүлгөн жок

 
Ош шаарындагы бала бакчадагылардын тамак-аш акысына ай сайын төлөнүүчү сумма көтөрүлгөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди.
Анын айтымында, балдар бакчасында тарбияланып жаткан ар бир баланын тамак-аш акысына төлөнүүчү 500 сом өлчөмүндөгү төлөмдү 1 миң сомго көтөрүү сунушу ата-энелер тарабынан сунушталып, анын негизинде жыйналыштардын протоколдору түзүлгөн.
«2008-жылдын 1-декабрынан бери бакчаларда баланын тамак-ашы үчүн 500 сомдон төлөп келишкен. Бүгүнкү күндөгү базардагы баанын көтөрүлүшүн эске алганда, ата-энелердин бул төлөмдү 1000 сомго көтөрүү сунушу да ойлоно турган маселе. Биз муну эске алып, азыркы учурда тийиштүү аракеттерди көрүүдөбүз. Анткени жаш балдардын тоюмдуу тамагы алардын ден соолугунун чың болушуна жана аң-сезиминин бат өрчүшүнө себеп болот»,- деди Кимсанов.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: