super.kg logo

Жалал-Абад. Ишканалардын аймагында өскөн кара куурайды жок кылбаган жетекчилерге чара көрүлөт

 

Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан шаар аймагындагы кара куурайды жок кылуу боюнча атайын комиссия курамы "Мак" операциясын жүргүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Жалал-Абад ШИИБинин коомдук тартипти сактоо бөлүмчөсүнүн башчысы Курманбек Турушов билдирди.

Анын айтымында, кара куурай - наркотикалык зат даярдалуучу жапайы өсүмдүк. Бул негизинен саз жерлерде өсөт. Эгер мекеме-ишканалардын айланасында өссө, ошол мекемедегилер өрттөп жок кылышы керек. Үйдө өсө турган болсо, үй ээси жок кылышы керек.

Эгерде аталган заттарды билип туруп жок кылуу чарасын көрбөсө, атайын чара көрүлөт”,- деди Турушов.

Белгилей кетсек, мындай операция ар жылы 1-майдан 1-ноябрга чейин жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: