super.kg logo

Марал Фронтбек кызы, коомдук ишмер: “Аялдын эч кимге керек эместиги диний экстремизмге умтулууга түрткү болот”

 
медиа-эксперт Алмаз Исманов

Бүгүн, 22-августта Бишкекте журналисттер үчүн өтүп жаткан иш-чаранын жүрүшүндө "Мутаккалим" коомдук уюмунун башчысы Фронтбек кызы Жамал кантип жана эмне себептен айрым аялдар диний экстремизмге барып жаткандыгын айтып берди.

Анын айтымында, мунун негизги себептери катары аялдын диний билиминин начар деңгээли жана анын коомдо болгон төмөн статусу саналат. “Көпчүлүк учурда экстремизмге умтулган айымдар айылда жашаган 22-25 жаштагы кыздар болушат. Үй-бүлөдө аларга карата моралдык басым көрсөтүлгөндүктөн, тезирээк күйөөгө тийип кетүүнү каалашат. Мындан диний экстремисттер пайдаланышат. Алар интернеттеги социалдык тармактар аркылуу "мага аял бол, чет өлкөгө алып кетем” деп алдап, акча каражат жөнөтө башташат. Албетте, туугандар буга макул болушуп, кызды коё берип коюшат",- деди ал.

Жамал айым чет өлкөгө кеткенден кийин кандай нерселерге кезигип калгандыгын да айтып берди: "Көпчүлүк учурларда айымдар экстремисттик кагаздарды таратып иштешет, террорчулук актыларга катышышат. Мындан сырткары алар ислам дүйнөсүнүн мамлекеттериндеги сойкуканаларда да кызмат кылууга жөнөтүлүшөт".

Иш-чаранын жүрүшүндө медиаэксперт Алмаз Исманов “массалык маалымат каражаттары террорчуларды кылмышкерлер катары көрсөтүшү керек” деди. Айтымында, айрым басылмалар террорчулардын жашоосун жана ишмердүүлүгүн өзгөчө чагылдырышып, “романтикалап” коюшат. "Террорчулук акт өткөн соң расмий бийлик буга кескин түрдө туура баа берип, адам өлтүрүү фактысын "кылмыш" деп аташы керек. Ал эми муну кылган адамдарды "кылмышкерлер" деп белгилеши зарыл",- деди Исманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: