Тиш дарыгери: “Шаардагы мамлекеттик стоматологиялык ооруканаларда гепатит С илдетин жугузуп алуу мүмкүн эмес”

“Бишкектеги мамлекеттик стоматологиялык бейтапканаларда гепатит С илдетин алдын алуу иштери мыкты жүрүп жатат, ошондуктан аны жугузуп алуу мүмкүн эмес”,- деди бүгүн, 25-августта маалымат жыйынында Бишкектин мэриясынын Саламаттыкты сактоо департаментинин башкы тиш дарыгери Мирказим Баширов.
Анын айтымында, бардык поликлиникаларда инфекциялык көзөмөлдөө боюнча комитеттер бар. “Алар күн сайын инструменттерди текшеришет”,- деди ал.
Мындан тышкары ал жаңы конуштардагы мектеп окуучуларынын тиштерин текшертүүлөрү керектигин айтып өттү. “Алардын 90 пайызы дарылоого муктаж, ал эми шаардагы окуучулардын 70 пайызы тиштерин дарылатуусу керек”,- деп кошумчалады Баширов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
Adema

25.08.2014. 14:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
№5-поликлиникадан боюмда бар кезинде ВГС жугузуп алгам, анын айынан эмизбей калдым. Дарылануум болсо чон азап болгон, финансы, моралдык жактан. (Чачым тушуп, аппетит жок, дары аябай кучтуу) 10мин$ кеткен. Жыйынтыгы омур бою диета, уйумдогулорго , эч кимне жугузбаймынбы деп коркуп жашоо. R.s.: Мурда ооруган эмесмин, 1-боюмда барда таптаза болчумун.
Tenirova

25.08.2014. 23:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да жазында тишим ондоткон элем. Анан боюмда болуп калып анализ тапшырсам гепатиттин b туруну жугузуп алыпмын. Жиним келип стаматологко барсам, биз жукпайт деп 100% гарантия бере албайбыз. Биз инструменттерди ар айда тазалаганга беребиз анын сырыелору кымбат дейт. Спирт менен тазалаганда жакшы тазланбай калат деп айтты. Зубнойлор ушинтип турса тишти ондотпой эле койгон жакшы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.