Бишкектин борбордук көчөсүндө электр жарыгынын жоктугунан троллейбустар токтоп, унаа тыгыны орун алды





Бүгүн, 25-августта Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү Абдрахманов көчөсүнүн Жибек Жолу жана Фрунзе көчөлөрү менен кесилишкен аралыгында электр жарыгынын жоктугунан троллейбустар токтоп, унаа тыгыны орун алды. Коомдук транспорт жолдун түндүккө багытталган бөлүгүндө токтоп, "бензин түгөндү" деген айдоочулар сыртта жарыктын берилишин күтүшүүдө. Электр жарыгынын аталган көчөдө өчүрүлүшү боюнча "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы 6 кВт “Центральная-6” көмөк чордонундагы кемчиликтерден улам болгонун билдиришти.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: Максат Орозумбетов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
ere

26.08.2014. 08:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан качан эле жаркырап куйгон мезгили болобу же карангы шам жаккан бойдон эле калабызбы чиновниктер айткандай тезек терген бойюнча. борбордого свет куйот айыл кыштактарда кундоп тундоп эле жооок
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.