super.kg logo

Башкы штаб: “Мектеп окуучуларынын саламаттыгынын көрсөткүчтөрү начар болууда”

 

Бүгүн, 26-августта Бишкекте өтүп жаткан мектеп кызматкерлеринин жыйынында КРнын Башкы штабынын полковниги Арстанбек Керималиев окуучулардын саламаттыгынын көрсөткүчтөрү начар болуп жаткандыгын билдирди.

“Бүгүнкү күнү жаштар компьютер оюндарынан чыкпай калышууда. Мындай көрүнүш алардын физикалык жана психикалык ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Ошондуктан окуучуларга Совет мезгилиндегидей аскер-патриоттук тарбия берүү керек”,- деди ал.

Мындан тышкары полковник аскерге чакырууда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн башталгыч аскердик билими жок экенин баса белгиледи. “Мектептерде аскерге чакыруу алдындагы даярдоо боюнча сабак берген мугалимдер маяналары аз болгондуктан, ИИМ же күзөтчү кызматтарына кетишүүдө. Буга өкмөт көңүл бурушу керек. Аталган сабакты 9-класстан баштап берүүнү сунуштаар элек. Тилекке каршы, өлкөнүн аймактарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрү жазганды жана окуганды билбей жаткандыгын көрүп жатабыз”,- деп кошумчалады Керималиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: