super.kg logo

Бишкектин Жал кичи районунан аскерлерге батирлер берилет

 

3-сентябрда Бишкектеги Жал кичи районунун Дайыр Асанов атындагы Аскер лицейинин аймагындагы 2 үйдөн аскерлерге батирлер берилет. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, батирлер Башкы штабдын жана Коргоо министрлигинин 108 аскер кызматкерине берилмекчи. Айта кетсек, жакынкы арада Бишкек жана Ош аскер гарнизондорунда 400 батирдин курулушу пландалууда.

Эске салсак, буга чейин үйлөр 20-августта тапшырылары айтылып келген. Бирок көп кабаттуу үйлөр бүткөрүлүп, тапшырууга даяр болгону менен, Кытай тарап мамлекеттик актыны тапшырбаганынан улам белгисиз мөөнөткө калтырылган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: