super.kg logo

Кара-Балта шаардык депутаттары укук коргоо органдарынан мэрдин ишин көзөмөлдөөнү суранышты

 

Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары жана шаар тургундары бүгүн, 3-сентябрда маалымат жыйынын өткөрүп, аталган шаардын мэри Шабданов Даниярдын бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз түрдө колдонуп жатканын айтышты. Ошондой эле укук коргоо органдарынан бул иш боюнча көзөмөл жүргүзүүнү суранышты.

“Ушуга чейин Кара-Балтада эл 2 ирет митингге чыкты. Биринде уулуу заттарды бөлүп чыгарып жаткан “Жунго” компаниясынын иши токтосун деген талап менен чыксак, биринде шаар мэринин отставкасын талап кылдык. Бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Акчалардын ортодо мыйзамсыз иштетилип, жок болуп жатканынан элдин кабары бар. Биз айла жок жергиликтүү ММКлар аркылуу коомго бул көйгөйдү жеткирүүгө аракет кылып жатабыз”,- деди шаар тургуну Абдиев Дыйканбай






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: