Бириккен Улуттар Уюму Эбола вирусу менен күрөшүү үчүн 600 миллион доллар керектигин эсептеп чыкты

Африканын батышында жайылып жаткан Эбола лихорадкасынан улам көз жумган адамдардын саны 1900дөн ашып, дагы 3600дөн ашуун адамдын жуктуруп алганы айтылууда.
Өткөн аптада эле дээрлик 400 адам набыт болгон. Бириккен Улуттар Уюмунун Эбола вирусу боюнча атайын координатору Дэвид Набарро илдет менен күрөшүү үчүн 600 миллион доллар бөлүү керектигин айтып чыкты. Бул тууралуу 4-сентябрда чет элдик басылмалар жазышты.
АКШнын саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтары вакцинанын эксперименталдык вариантын жасоого 42,3 миллион доллар сарптайт. Канада вируска каршы чыгарган каражатты тажрыйбадан өткөрүү үчүн жөнөтүүгө камданууда.
Февраль айында Гвинеяда табылган вирус Сьерра-Леоне, Либерия, Нигерия жана Конго өлкөлөрүнө жеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
sagynby

04.09.2014. 09:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын дабасы табылбаган оорудан дарт берсе да шыпаасы менен берсин кудайым
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.