Ош. Акыркы он күн ичинде ажыга баруучуларды окутууну күчөтүү сунушталды
4-сентябрда Ош облусунун мусулмандарынын казыятында ажылык сапар боюнча маселелерди талкуулоо максатында казыяттын кызматкерлери, райондордун башкы имамдары жана ажы башчыларынын катышуусунда жыйын өткөрүлдү. Мындай маалыматты бүгүн, 5-сентябрда облустук казыяттан билдиришти.
Автор: Айсана Паизова
Анда ажылык сапарга аттанган жарандар ажылардын ибадаттарын толук, кемчиликсиз аткарып келүүсү үчүн аларга окутууларды уюштуруу жана учуу рейстерин тактоо маселелери талкууланды. Ошондой эле облус аймагындагы ажылык сапарга аттангандарды окутуу улантылып жаткандыгы маалымдалды.
Ал эми Ош облусунун казысы Ниязалы Арипов акыркы он күн ичинде ажыга баруучуларды окутууну күчөтүү жана атайын окутуу үчүн мударистерди дайындоо сунушун айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.