Кыргыз Эл артисти Владимир Москалев 65 жаш курагында дүйнө салды
Кечээ, 5-сентябрь күнү Кыргыз Эл артисти Владимир Москалев 65 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, Владимир Москалев Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында 40 жылдан ашуун эмгектенген. Ал өзүнүн эмгек жолунда ондогон ролдорду жараткан. Театр искусствосуна кошкон салымы үчүн 2001-жылы КРнын Эл артисти наамы ыйгарылган.
Владимир Москалевди акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 8-сентябрь күнү саат 10:00дө Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:51
2025-11-06
Рейтинг:
1
1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















