Ошко япониялык мугалим келип, окутуучулар менен тажрыйба алмашуу максатында семинар өткөрдү
Ошко Япониянын Конан университетинин англис тили боюнча окутуучусу, профессор Рожер Палме окутуучулар менен тажрыйба алмашуу максатында келди. Маалым болгондой, ал Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда жогорку окуу жайлардын англис тилчи мугалимдерине семинар өтүп, окутуунун жаңы усулдары менен тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Семинардын жүрүшүндө аталган институттун ректору Бекмурза Зулуев чет жактан келгендер менен семинарлардын уюшулуусу окутуучуларга чоң тажрыйба болорун белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.