super.kg logo

Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунда мыйзамсыз курулган дубал алынып салынды

 

Борбор калаадагы Көк-Жар жаңы конушунда мыйзамсыз курулган дубал алынып салынды. Бул тууралуу 8-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, мэриянын Жеке турак жай куруу департаментинин объекттерин текшерүү учурунда Көк-Жар жаңы конушунун Арстанбап көчөсүндө жер тилкесин муниципалдык жердин эсебинен кеңейтип алуу фактысы аныкталган.

Шаар тургуну М.А.Арстанбаев уруксатсыз, тиешелүү документтерсиз жер тилкесин муниципалдык жердин эсебинен кеңейтип алган. Жеке турак жай департаменти тарабынан 2014-жылдын 13-июлунда №0310 “Табылган бузууларды жоюу жөнүндө” жазуу түрүндө эскертүү берилген. Үй ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин анын өз ыктыяры менен мыйзамсыз курулган дубал алынып салынды жана жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: