super.kg logo

Социалдык өнүгүү министри Эл аралык эмгек уюму бюросунун директору менен социалдык коргоо жаатында кызматташууну талкуулады

 

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев менен Эл аралык эмгек уюму бюросунун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча директору  Димитрина Димитрова Кыргызстандын 2017-жылга чейин социалдык коргоо боюнча жаңы программасынын алкагында кызматташууну сүйлөшүштү. Бул тууралуу 9-сентябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

"Бүгүнкү күндө өлкөдөгү социалдык коргоо жаатындагы 2012-2014-жылдарга карата иштелип чыккан алгачкы программа соңуна чыгып бара жатат. План 78-84 пайызга аткарылып, эл аралык өнөктөштөрдүн тажрыйбасына карап жакшы баа берилди. Учурда жаңы программанын материалдары даяр болуп калды",- деди министр. 

"Балдар эмгеги жаатында аткарган шмердүүлүгүңүздөрдүн жыйынтыгына жогору баа беребиз. Мыйзамдуулук да жакшы жакка өзгөртүлдү, жаңыча кадамдар киргизилип жатат. Биз кыргыз өкмөтү менен биргелешип комплекстүү иш алып баруу боюнча программа иштеп чыгууну ниеттенебиз",- деди Димитрина Димитрова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: