super.kg logo

Баткен. Судьяларды окутуу борбору бир күндүк тренинг өткөрдү

 

Баткен шаарында Жогорку Сотко караштуу Судьяларды окутуу борбору «Кыргыз Республикасындагы балдар үчүн юстиция» деген аталыштагы бир күндүк тренинг өткөрдү. Бул тууралуу 10-сентябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Окутууларга Баткен облусунун судьялары, прокурорлору, жактоочулары, ички иштер бөлүмүнүн жана Социалдык ɵнүктүрүү министрлигинин аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери катышты.

Тренингди Баткен облустук сотунун судьясы Зарипбек Аданбаев, «Укук борбору» коомдук фондунун юристи Айжан Кадырова, Баткен облустук прокуратурасынын улук прокурору Рамил Шамсутдинов, КР ИИМ академиясынын окутуучусу Рашид Жумагулов жана Бишкек шаарынын Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Эльмира Ашырбаева алып барды.

Анда ювеналдык юстиция тармагындагы эл аралык стандарттар, ювеналдык юстиция тармагындагы прокуратуранын ишмердигинин ɵзгɵчɵлүктɵрү, жашы жетпеген соттолуучуга карата жазык ишин кароо ɵзгɵчɵлүктɵрү, ювеналдык юстициядагы адвокаттык ишмердиктин ɵзгɵчɵлүктɵрү, ювеналдык юстициянын социалдык ɵңүттɵрү сыяктуу маселелер каралды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: