super.kg logo

"Кыргызгидромет": “Мөңгү алтындан да баалуу, бүгүн аны сактабасак, эртең кеч болуп калышы мүмкүн”

 

“Мөңгү алтындан баалуу, кымбат нерсе. Эгер бүгүн аны сактоого көңүл бурбасак, эртең кеч болуп калышы мүмкүн”,- деди журналисттерге бүгүн, 10-сентябрда КРнын ӨКМнын алдындагы "Кыргызгидромет" кызматынын башчысынын орун басары Рыскелди Асанхожаев.

Анын айтымында, Кыргызстандагы мөңгүлөр суу менен Өзбекстанды да, Казакстанды да камсыздайт. “Буга чейин адамдар мөңгүлөр түбөлүктүү деп ойлошчу. Жылдан-жылга дүйнө жүзүндө калктын саны өсүп жатат. Мындан тышкары климаттык өзгөрүштөрдү да байкап жатабыз. Ошондуктан дүйнө боюнча инвесторлор мөңгүлөрдү сактоого көңүл бурушууда. Ал эми Кыргызстандагы мөңгүлөрдү сактап калууга канча каражат керек экенин айтыш кыйын, анткени изилдөөлөр, байкоолор жүргүзүлүш керек”,- деди Р.Асанхожаев.

Андан соң ал Кыргызстанда гляциологиялык (мөңгүлөрдү изилдөөчү) борборду ачуу керек экендигин белгиледи. “Өлкө боюнча мөңгүлөр боюнча иштеген 7-8 уюм бар. Гляциологиялык борбор булардын баарын бириктирип, бир багытта иш жүргүзө алат”,- деп түшүндүрдү "Кыргызгидрометтин" башчысынын орун басары.

Айта кетсек, бүгүн, 10-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында “Климаттын өзгөрүшүнүн мөңгүлөргө жана суу ресурстарына тийгизген таасири” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Анда 14 мамлекеттин (Орусия, Казакстан, Азербайжан, Беларусь, Финляндия ж.б.) окумуштуулары катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.09.2014. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин урпактар таза сууну чет олколордой сатып ичип калбаса болду.Кунумдук байлыкты ойлогон чондор монгуну уруп ойношпойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: