Бишкектеги банктын кассири акча алмаштырып жатып кардарга 250 миң сом ашыкча берип алды



Бишкектеги банктын эсепчиси жаңылып кардарга ашыкча акча берип алганын 10-сентябрь күнү өзү интернеттеги социалдык тармактарга жарыялады. Өзүн Венера деп тааныштырган кассир 250 миң сомду ашыкча алып кеткен адамды издеп жатканын айтат. Кассирдин айтымында, ал рублду сомго алмаштырып, кардарга 612 500 сом берген. Кардар банктан шашып чыгып кеткенден кийин ага 250 миң сом ашыкча берип койгонун түшүнгөн.
“Байке, сизге кайрылам, суранам, акчаны кайтарып бериңизчи. Мага каалаган убактыңызда кайрылыңыз. Сизге өтө ыраазы болом. Менин жаш балдарым бар, бул сумманы төлөп бүткүчө көп убакыт балдарыма эч нерсе алып бере албай калам. Суранам, ким сүрөттөгү адамды тааныса, ага менин суранычымды жеткирип коюңуздар. Ал жөнүндө маалымат билдирип же байланышуу жолун жазып коюңуздарчы. Суранам, акчаны кайтарып бериңизчи!
Урматым менен Венера. Тел.: 0555 92-31-97 же 0550 88-29-30”,- деп билдирүү калтырган.

эмне деп келжирегенсин? акча деп олуп калбай спокойно болсончу! фотодо таанылып эле турат тааныгандар чыгат 20-30мин десен алдына суйроп келишет. дагы банкта кассир экен ёпт!
Супер Инфо гезитине да чыгарыш керек.
Mojet ayabai zaryl jumuwu mn waardan chygyp ketip ubaktysy bolboi jatkandyr kaira kaitaryp bergenge....
Jyrogyndo YIMAN jawagan adam ech kachan biroony zarlatyp,baldardy yryskysynan kaltyryp jawynyp oturup albastyr.
Men ayabai iwenem tigi jigit bankka kaira kaitaryp bereerine.
Antekeni al balada dagy ayalzat uluk ENESI,eje,karyndaw,jana jawodo Veneradai bolup katachylyk ketire
Ak jol Venera izdegeniner tabylyp,myndan ary sak boluwunuzga tilektewmin.