super.kg logo

Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев 8 айдын ичинде аткарган иши боюнча маалымат берди

 

Бүгүн, 16-сентябрда маалымат жыйынында Бактыбек Аманбаев КРнын Акыйкатчысы болуп шайланган күндөн тарта соңку 8 айдын ичинде аткарган иши боюнча отчёт берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү Акыйкатчы институтун реформалоонун биринчи этабы ийгиликтүү аяктады. “Келечекте реформалоонун экинчи, үчүнчү этаптары ишке ашырылмакчы. Биринчи этаптын жыйынтыгында институтта структуралык, функционалдык анализдер жасалып, бир катар функционалдык өзгөртүүлөр ишке ашырылды. Натыйжада аппараттын иши системдештирилип, ошондой эле адам укугун натыйжалуу коргоо боюнча эл аралык ыкмаларды институттун ишмердүүлүгүнө колдоонуунун натыйжасында институттун иши бир топ жакшыртылды”,- деди ал.

Мындан тышкары Б.Аманбаев аталган мөөнөттүн ичинде укук бузуулар боюнча институт тарабынан мониторинг жүргүзүлгөнүн баса белгиледи. “Бул мониторингдин алкагында улуттук, эл аралык мыйзамдар кылдат иликтенип, укук бузуулар боюнча соттордун жана тергөө түзүмдөрүнүн аракеттери талданып, мындай укук бузуулардын эң башкы себебин таап, аны чечүүнүн жолдору боюнча сунуштар иштелип чыкты. Учурда аталган маселелер боюнча биздин иштеп чыккан сунуштарга кошумча, алымчаларды киргизүү максатында атайын тегерек столдорду өткөрүп, андан соң аны атайын баяндама түрүндө Жогорку Кеңешке сунуш кылуунун алдында турабыз”,- деп кошумчалады акыйкатчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: