super.kg logo

Көчмөндөр оюндары өтүп жатканда 600гө жакын адам медициналык жардам алышты

 

Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда 600гө жакын адам медициналык жардамга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда I Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатканда медициналык жардам берүү боюнча 12 топ иштеп жатты. Алар оюндар орун алган жерлерде жана унаа трассаларында жайгашышкан. Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо жана Кырчын жайлоосунда 2 медициналык түйүн ачылган.

Мындан тышкары жалпысынан 80 медициналык кызматкер тартылып, алардын 26сы Бишкектин илимий медициналык борборлорунан жөнөтүлгөн. “Медициналык жардам суткасына 24 саат бою көрсөтүлүп жатты. Бул кызматтарга кайрылгандардын саны 590го тең болду. Алардын экөөсүн жандандыруу топтору стационарларга жеткиришти”,- деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: