super.kg logo

“Кыргызстанда айдоочуларды даярдоочу мектептерди ачууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн” дейт Алмаз Насыров

 

“Кыргызстанда айдоочуларды даярдоо боюнча мектептерди ачууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн”,- деп билдирди бүгүн, 17-сентябрда маалымат жыйынынын жүрүшүндө КРнын Коргоо кеңешинин мүчөсү Алмаз Насыров.

Анын айтымында, аталган мектептерди ачыш үчүн мыйзам жактан эч кандай тоскоолдуктар жаралбайт. “Республикада көп деле акча каражат сарптабай унаа айдоону үйрөткөн мектеп ачса болот. Ошондуктан бардык жеке ишкерлерге өз ишин өнүктүрүүгө бирдей мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн”,- деди ал.

“Кыргызстандагы мындай мектептерде 3 айлык окуу болжол менен 3-5 миң сомду түзөт. Бардыгыбыз билгендей, айрым ата-энелер өз балдарына унаа менен кошо айдоочулук күбөлүктү да алып беришет. Эми күбөлүктү алуу системи өзгөртүлүп, кардар үчүн күбөлүктү алуу кымбатыраак болот. Учурда бул багытта иш жүргүзүп жатабыз”,- деп түшүндүрдү Коргоо кеңешинин мүчөсү.

Мындан тышкары А.Насыров августта өткөрүлгөн текшерүүлөр тууралуу да айта кетти: “Ушул мониторинг өтүп жатканда айрым айдоочулукка окутуучу мектептердин жетекчилери алдын ала сүйлөшүп, керектүү жабдууларды бири-бирине алып барып жатышкан учурлар да орун алды. Бул фактылар боюнча тергөөлөр жүрүп жатат”






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: